Бишкекте бала сатууга шектелип дарыгер кармалды

Дата: 10:59, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте бала сатууга шектелип дарыгер кармалды. Маалыматты КирТАГга укук коргоо органдары билдирди.

«Бала сатууга шектүү эки киши кармалды. Кылмыш иши козголду. Кийинчерек толук маалымат берилет», - деп маалымдады укук коргоо органдары.

Белгилей кетсек, ММКда 7-сентябрда Биишкектеги Үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери бала сатууга шектелип кармалган тууралуу маалымат тараган. Бир киши камакка алынган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяга кийинчерек комментарий беретургандыгын айткан.

Эске салсак, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги адам соодасы боюнча 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

«Ош облусу жана Бишкек шаарында адам сатуу фактысы катталган. Жалпысынан 4 адам сатуу аныкталган», - деп маалымдайт ИИМ.

Кээ бир учурларда дарыгерлер ата-энелерге баласы каза болуп калганын айтышат. Бирок чындыгында башка документтер менен сатып жиберген учурлар болгон.

Аталган факт боюнча «Адам уурдоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Поделиться новостью: