Бишкекте көп кабатуу үйдөн өрт чыкты

Дата: 10:53, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте көп кабатуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн таң эрте саат 6.14 Токтогул көчөсүндө көп кабатуу үйдөн өрт чыкканы тууралуу кабар келген.

Жалын 9. 59дө өчүрүлгөн. Жалпысынан 1000 чарчы метр күйүп кеткен.

Жаракат алгандар жок. Өрттүн себеби такталууда.


Поделиться новостью: