Дүйшөмбүдө Кыргызстанда күн ачык болот

Дата: 08:58, 10-09-2018.

Бишкек.10- сентябрь. КирТАГ – Дүйшөмбү күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт – деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +24+29°С, Таласта +23+28°С, Баткен облусунда +27+32°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +27+32°С, Нарын облусунда +21+26°С, Иссык-Көл облусунда +21+26°С.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +26+28°C.

Ошто да  күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +29+31°C.

Поделиться новостью: