ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жети айда 1 млрд 295 млн долларга жетти

Дата: 11:30, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жети айда 1 млрд 295 млн долларга жетти. Бул тууралуу Экономикалык статистика башкармалыгынын жетекчиси Эльвира Исенкулова маалымат жыйында билдирди.

«Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жети айда 1 млрд 295 млн 400 миң долларга жетип, 0,3%га өсүү болду. Экспорт болсо 10,4% көбөйдү, импорт 2,8%га азайды», - деди ал.

Анын айтымында Россиядан жер семирткичтер  2 эсеге, унаалар 1,9 жеңил унаалар 1,6
эсеге, май, кумшекер жана нефт продукциялары 6,8%га көбөйгөн», %», - деп белгиледи ал.

Исенкулова Россиядан кийим кечектер, айнек жана кургак жемиштер көп келип жатканын кошумчалады.

«Казакстандан кара метал, нефт битуму, ун жана таш көмүр көп алынып келинүүдө. Мындан тышкары бут кийимдер, нан жана кондитердик азыктар көп келүүдө», - деп кошумчалады Э.Исенкулова.

Поделиться новостью: