Финпол коррупциядан өндүрүлгөн кезектеги сумманы атайын эсепке которду

Дата: 11:49, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы коррупциядан өндүрүлгөн кезектеги сумманы атайын эсепке которду.
Маалыматка караганда, бирдиктүү депозитке 3 млн 52 миң. 962 сом которулган

Бүгүнкү күнгө чейин финполициянын атайын эсепке которгон акчасы 161 млн 328 миң. 426 сомду түзгөн

Эске салсак, өкмөт 2018-жыл 22-июнда коррупцияга каршы күрөшүүдөн өндүрүлгөн акчалар үчүн атайын эсеп ачкан.




Поделиться новостью: