Казак теңгеси бир жылда долларга карата 13,8% алсыздады

Дата: 13:19, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Казак теңгеси бир жылда долларга карата 13,8% алсыздады. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев билдиргенин КазТАГ жазды.
«Жыл башынан бери доллардын курсу 13,8% кымбаттап, Т378,11 за $1», - деди Д. Акишев өкмөттүн жыйынында.

Акишевдин айтымында, рубль жыл башынан бери 22%га кымбаттаган. Аргентина акчасы песо болсо 2 эсе арзандаган. Түрк лирасы - на 69%, Бразилиянын реалы - 23%, түштүк африка рандды - 23%, Индия рупиясы – 12%, юань - 5%га алсыздаган.

«Казакстандын Улуттук банкы валютанын курсун көзөмөлүндө кармап турат. Учурдагы кырдаал финансылык туруктуулукка жана банктарга тер таасирин тийгизбейт», - деп ишендирди Д. Акишев.


Поделиться новостью: