Кыргызстандын карызы акыркы төрт айда 4 млн долларга жетти

Дата: 17:13, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын тышкы карызы $4 млрд 415,26 млн (300 млрд 502,46 млн сом) го жетти. Бул тууралуу каржы министрлигинин сайтында жазылат.

Аталган сумманын 3 млрд 808,03 млн $ (259 млрд 174,27 млн сом) же 86,2 % тышкы карыз болуп саналат.

Ал эми ички карыз болсо - 607,23 млн $ (41 млрд 328,19 млн сом) же 13,8 %ды түзгөн.

Эске салсак, 2018-жылдын 30-июнунда мамлекеттин карызы $4 млрд 411 млн же 300 млрд 744 млн сом болчу.


Поделиться новостью: