Кыргызстандын тышкы товар жүгүртүүсү январь айынан июлга чейин 14%га өсүп, 3,8 млрд долларды түзгөн

Дата: 11:10, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын тышкы товар айлануусу январь айынан июлга чейин 14%га өсүп, 3,8 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Экономикалык статистика башкармалыгынын жетекчиси Эльвира Исенкулова маалымат жыйында билдирди.

«Тышкы соода жүгүртүү акыркы жети айда 3,8 млрд долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14%га өстү. Экспорт болсо 1,6%га түштү, импорт 20%га көбөйдү», », - деп белгиледи Исенкулова.
Анын айтымында, алтын өндүрүүнүн 22.2%га, ошондой эле кымбат баалуу металдардын өндүрүшү 7,5%га азайышына улам экспорт төмөндөгөн.

«Ошондой эле алтын үлүшү 40,1ден 31,7% төмөндөгөн. Баалуу металл жана рудалар 8,8% дан 8,2% га чейин келет. Импорттук товарлардан кийимдер жашылча жемиштер жана жаңгак, тери, косметикалык каражаттар 2,2га чейин өскөн», - деп кошумчалады Э. Исекулов

Поделиться новостью: