Кыргызстанга ЕАЭБ талаптарына туура келбеген бензин менен дизель отунун алып кирүүгө тыюу салынат

Дата: 15:18, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамдарга)» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Долбоор аркылуу «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилүүсү сунушталууда: «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына туура келбеген отунду жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат. 2019-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан аймагына К4 экологиялык класстан төмөн болгон автомобилдик бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө киргизүүгө жана жүгүртүүгө ЕАЭБ аймагында кабыл алынган тийиштүү техникалык регламенттердин талаптарын эске алуу менен жол берилет».

Поделиться новостью: