Москвада Кыргызстандык айдоочу тогуз кишини тебелетип кетти

Дата: 09:50, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ –Москванын Новочеркасский бульварында Volkswagen Polo унаасы жол четинде турган кишилерди тебелеп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.

«Москванын түштүк-чыгышында 9 кыргызстандык жаракат алып, бир киши каза болду. Шектүү катары 21 жаштагы Бекжан С. аттуу жаран кармалды. Ал Кыргызстандан барып, Орусиянын жарандыгын алган», - деп маалымдайт Москванын милициясы.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына караганда жаракат алган киши шаардык ооруканага жаткырылган. Жабыркагандар тогуз кишинин абалы тууралуу так маалымат жок. Окуя болгон жерге элчиликтен кишилер келген.

«Окуяда бир жаран көз жумду. Негизи кырсык болгон жерде тогуз киши жабыркаган. Алардын бешөө ооруканада. Бирок абалдары боюнча так маалымат айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө», - деди Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова

Эске салсак, 9-сентябрда Кыргызстандык 21-жаштагы Бекжан С. аттуу жаран Volkswagen Polo унаасы менен жол четинде турган кишилерди тебелеп кеткен. Жаш жигит «Аура» кафесинде чыккан чырдан кийин, мекендештерин тебелетип кеткендиги айтылууда.

Поделиться новостью: