Шаршембиде Кыргызстанда күн жаайт

Дата: 09:08, 12-09-2018.

Бишкек.12 - сентябрь. КирТАГ – Шаршемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт –  деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +20+25°С, Таласта +19+24°С, Баткен облусунда +27+32°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +25+30°С, Нарын облусунда +19+24°С, Иссык-Көл облусунда +17+22°С.

Бишкекте мезгил-мезигили менен жаан жаайт. Абанын температурасы күндүзү +22+24°C.

Ошто да  күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +28+30°C.

Поделиться новостью: