ЖККУнун маалыматтык коопсуздук боюнча кызматташуу келишими добуш берүүгө жөнөтүлдү

Дата: 16:11, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. Жогорку Кеӊеште “Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугу жаатында кызматташтык тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан. Анын негизги максаты Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү болуп эсептелет.

Макулдашуу ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы чечими менен бекитилген Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2025-жылга чейинки жамааттык коопсуздук стратегиясында белгиленген максат менен милдеттерди ишке ашырууга багытталган.

Тараптар маалымат коопсуздугу коркунучтарына бирдиктүү практикалык таасир этүү механизмин түзүү, маалымат коопсуздугу жаатындагы ишенимди бекемдөө чарасын өнүктүрүү, маалымат коопсуздугун камсыздоонун технологиялык негиздерин жакшыртуу жана башка багыттар боюнча кызматташат.

Поделиться новостью: