Жогорку Кеңештин депутатын «Кыргыздар» китеби эл аралык сынакта биринчиликти алды

Дата: 11:21, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздар" аттуу китеби КМШ мамлекеттеринин "Китеп маданияты" сынагында "Шериктештик" номинациясында биринчи орунду алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакты КМШ уюмунун Мамлекет аралык кеңеши басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурган.

Депутат Иманалиевдин "Кыргыздар" китеби англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган.

Кол жазмада кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат.
Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты болуп саналат.

Поделиться новостью: