Балдарга зордук зомбулук жасоо, улуулардын келечек муунга жасаган эң коркунучтуу кылмышы

Дата: 19:47, 23-01-2014.

Бишкек. 21-январь. КирТАГ - Мунара Шадыманова. Жакында эле, ата энесинин жана жакын туугандарынын мыкаачылыгынан жабыр тарткан балдар  тууралуу маалыматтар Кыргызстанды титиретти.

Ноябрь айынын соңунда, эки жашка чыга элек Артем кызы Мирана өз тай эжесинин колунан  катуу  ур токмокко алынып, башынан  алган катуу жараттын айынан комага да түшүп калган. Оорукананын реанимация бөлүмүндө эки жума комада жатып, бөбөк хирургия бөлүмүнө которулуп, анда опперация жасалган.

«Операциядан кийин кыз аз аздан комадан чыгып, өзүнө келе баштады. Көзүңдү ач, жап деген буйруктарды аткарууга жарап калды», -дейт №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков.  

Ага чейин, 23 жаштагы Бишкекектин тургуну, алкогол ичимдигин  ичип алып, өзүнө жана жашы жете элек эки ымыркайына өмүргө коркунуч алып келгиндей бычак урган. Алдын ала божомолдорго ылайык, жолдошу менен урушуп кетип,  кармана албай, өзүнөн чыгып кеткен. Бөбөктөр шаардык ооруканага жаткырылып, энеси республикалык психикалык саламаттык жана изилдөө борборуна жөнөтүлгөн.

Жүрөк  титиреткен окуя Ысык-Көл дубанынын Ак-Суу районунда болуп өттү. Апасы жана өгөй атасы, шымына сийип салды деген шылтоо менен эки жашаар кызын өлөөрчө сабап салышкан. Бир нече күн өткөндө гана алар Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылышкан. Кыз ал жакка көптөгөн сынган сөөктөрү менен кома абалында түшкөн. Алган жаракаттарынан бөбөк чарчап калган.

Мындай окуялар жүрөк  түшкүдөй ылдамдыкта байма бай боло баштады. Өз ымыркайларын коргоого алуучу жакын адамдары, камкордукка муктаж кичинекейлерди ур токмокко алган коомго эмне болду? Жүрөк  түпкүрүндө ар бир ата эне балага кол көтөрүү жаман экендигин сезет эмеспи.

27 жаштагы Айжаркын эки башка атадан туулган балдарын жалгыз тарбиялайт. Улуусу 5 жашта, кичүүсү бир жарымда. Тууган туушкандары жардам деле беришпейт, ар биринин өзүнүн түйшүгү бар. Кичүү уулунун атасы гана анда санда Орусиядан акча салып калат. Ал ортодо коңшулар жана жөн гана тааныш эмес боорукер адамдар көмөктөшүп келишет. Жаш жубан эч бир шарты жок жаңы конуштардын биринде батирде турат. Үйдүн жанында тигүү цехи бар. Ошол жакка жумушка орношуп, ишине кичинекей бополорун ээрчитип барууга мажбур.

Айтуусуна караганда, улуу баласынан күчүн чыгарган учурлары арбын.

«Мен уулума көп кол көтөрөм. Айрым учурда бала да деп көз жумуп койгонго мүмкүн эле ээн баштыгына өзгөчө жинденген учурларым болот. Ал менен чоң кишидей сүйлөшүүнү мүмкүн эмес нерселерди талап кылам. Анан урушуп баштаганда токтоно албай калам. Өз балама болгон мындай мамиледен улам өзүмдү абдан күнөөлүү сезем. Анан баламды аяй баштайм. Күнөөмдү жеңилдетиш үчүн кучактап, таттууларды сатып бере баштайм. Бала да баарын бат эле унутуп, оюн салып кетет», - дейт жаш айым.

Психологдордун айтымында, балага катуу мамиле жасоо гана эмес, кайдыгер болуу дагы ага карата зордук зомбулук катары эсептелинет. Моралдык жана психологиялык басмырлоо, физикалык жана сексуалдык  мазактоо, түгүл аз көңүл бөлүүгө болбойт.

Ата эненин балдарына болгон агрессиясынын себеби эмнеде деген суроого психолог Айгүл Кызылакова төмөндөгүдөй жооп берди: «Бул тарбиядан башталат. Эгерде бүт энени балалыгында сабашса, кызыкчылыктарын басмырлашса, ал дагы өз балдарына так ошондой мамиле кылат. Ошондой эле, балдарды толугу менен баш ийдирип алуу каалосу күч колдонууга түртөт. Коргоосуз жана алсызды бийлеп алуу жеңил да. Тилекке каршы көп ата энелерде «жарык дүйнөгө алып келдимби, өзүм эле өлтүрүп таштайм» деген пикир бар».

Психолог тилекке каршы, балдарга болгон зордук зомбулук жекелөө жетишпеген үй бүлөөлөрдө гана эмес очор бачар колунда бар үй бүлөөлөрдүн чөйрөсүнө айланып бараткандыгын айтат.

«Балдарга болгон зордук зомбулук жана орой мамиле камкордукка муктаж аяр гана үй бүлөлөрдө болот деп айтуудан алысмын. Бул ата энелердин каржылык абалына тиешелүү эмес», - дейт А. Кызалакова.

Балдар укуктары боюнча эксперт  Назгүл  Турдубекова балдарга орой мамиле кылуу ата эненин материалдык абалы начар болгонунан улам келип чыгат деп эсептейт. Айрым ата энелер балдарынын эсебинен өздүгүн бекемдеп, тарбиянын авторитардык ыкмасын колдонушат. Зордук зомбулукту жаратат. Ур токмокко алынып көнгөн бала дал ошондой жиндүү болуп чоңойот.

«Балага мындай мамилеси менен ата эне баласынын келечегин деги эле бүтүндөй жашоосун  сындырат.  Зордук зомбулукка кабылган бала өзүнө ишеними жок болуп чоңойот», - деп  белгилейт эксперт.

Эксперттердин пикиринде,  коомдо таратылып жаткан ылганбаган маалыматтардын көп болушу  дагы , мыкаачылыктын башаты. Социалдык экономикалык өзгөрүүлөр, коомдогу баалуулуктардын тез майдаланышы алсыз балдарга жек көрүүнү жаратышы мүмкүн. Стресстер да балдардын чыгышы мүмкүн. Ал эми бала ата энеси ага эмнеге мынчалык жинденип жаткандыгын түшүнө албай кыйналат.

Ал ортодо медиктердин жүргүзгөн эсептөөлөрү жанды кейитет.

«Зордук зомбулуктан катуу жабыркаган» деген диагноз менен төрт жылда, 2000-жылдан 2013-жылга чейин 679 бала түшкөн, алардын 535 ооруканага жаткырылып, 140 үйлөрүнөн дарыланган. Алардын 446сы эркек балдар болсо, 229у кыз балдар.

Бул эксперттердин пикиринде маселенин башталышы гана.

«Көп кордолгон балдар үйлөрүндө эле калып калат. Катталгандардын санын бешке көбөйтсөк, болжолдуу зомбулуктун картасын ала алсак керек»,- дешет дарыгерлер.

ИИМдеги маалыматтарга ылайык, 2009-жылдан 2012-жылга чейин дарыгерлерге 6 зордукталган бөбөк  түшсө,  2013-жылы эле мындай  5 факт катталган.  Зордуктагандар бөбөктөрдүн өтө жакын адамдары; атасы, агасы, тайакеси, өгөй атасы жана кошуналары. 180 ур токмокко алуунун 63 фактысына өз аталары сабаса, 32синде энелери, 17 фактта өгөй аталары, башка учурларда агалары, эжелери жана башка туугандары кол көтөрүшкөн.

Психологдордун билдирүүсүнө караганда, үйбүлөөдөгү басынууда жашаган балдар, өзү теңдүүлөрдөн, тынсыздануусу, бат чарчагандыгы, психологиялык алсыздыгы, депрессиялары , өзүнө өтө төмөнкү баа берүүсү менен, түнкү түштөн чочуп ойгонгону, жини чукулдугу менен айрымаланат. Ал эми, ата энесинин мамилесинде уруш талашка байма бай күбө болуп жүргөн балдарда дагы жогорудагыдай эле мүнөз болот.

Поделиться новостью: