КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:34 | 21 жетинин айы

Бийликке жакпаган жаңы технология

Дата: 12:10, 23-01-2014.

Бишкек. 23 января. КирТАГ - Гульзада Түгөл. 2015-жылкы шайлоого даярдыктар азыртадан кызуу башталууда. Бул катары менен тизмектелип жаралып жаткан партиялар, ири партиялардын лидерлери бөлүнүп, жарылып өз арбайларын согушу, тар жана кеңири чөйрөдөгү талкуулар жана интригалар менен коштолууда. Биз токтололу деген жагдай такыр башка нукта уланмакчы.

Үстүбүздөгү жылы, 22-майда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дал ушул шайлоолордун таза жана так өтүшү боюнча жарлыкка кол койгон. (Жарлыктын так аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө). Бул жарлыктын негизинде курамына ар кыл партиянын, жарандык коомдун, парламенттин, БШКнын өкүлдөрү кирген, 33 адамдан турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Башына президенттин аппаратынын башчысы, өлкөнүн башкы мыйзамынын аталарынын бири Данияр Нарымбаев дайындалган. Иш тартибине расмий түрдө төмөндөгү суроо талаптар коюлгандыгын белгилеп кетүүбүз абзел. Бул:

1) 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн ченемдик-укуктук базасын биринчи кезекте оптималдаштырууга басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамын өркүндөтүү;

2) ири саясый бирикмелердин калыптанышына дем берген ченемдерди иштеп чыгууга басым жасоо менен саясый партиялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүү;

3) шайлоочуларды каттоо системасын түзүү, добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессин оптималдаштыруу максатында шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү.

  Жумушчу топтун иштеп жаткандыгына бир жылга чукулдаганына карабастан, коомдогу талкуу деле байкалбайт. Өлкө тагдырын чечүүгө салым кошкон топтун иштеп же иштебей жаткандыгы, кызыл чеке талкуу болуп бир бүтүмгө келип келбей жаткандыгы тууралуу тек эле маалымат түгүл кабар жок.

Атайын сурамжылоо жүргүзгөндө, экинчи пункта белгиленген саясий партиялардын ишмердигин өнүктүрүү жана ири саясий бирикмелердин калыптанышына кам урган аракеттер көбүрөөк болгондугу маалым болду. Бирок, бул бийлик өкүлдөрү менен башкаруучу партиянын көмөчүнө  жан тарткан аракеттердей сезим калтырат. Ал эми элге пайдасы бар, коомдун шайлоого болгон ишенимин арттырууга багытталган үчүнчү бөлүм кийинки планга жылдырылган сыяктуу.

Каалайбызбы, каалабайбызбы дүйнө элинен артта калбаш үчүн жаңы заманбап же ноу-хау деп койобузбу технологияларды тез арада киргизүү, анын коомго пайдалуу, эл аралык жоболорго жооп берген, текшерилген системасын кабыл алуу заман талабы, зарылчылык жана муктаждык десек ашыкча болбос.

Бул үчүн, эң алгач албетте калктын добуш берүүчү бөлүгүн аныктап, өздүгүн тактаган документтер менен камсыз кылуу керек. Бирок эмнегедир жумушчу топко мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү  кирбегендиги таңкалууну жаратат. Бүгүнкү күнү, добуш берүүчүлөр 2009-жылы болгон каттоонун негизинде шайлоого катышышат. Албетте, катышпагандардын эсебинен шайлоо тилкесинде иштегендер пачкалап бийликтеги партияга бюлитендерди ыргытышат. 2010-жылдагы 29 партиянын тизмесин камтыган 50 сантимердик бюлитенге 40 тонна кагаз сарпталган. Жаңы технологиялар тууралуу маалымат караштырганда, бүгүнкү күнү  дүйнөдө эң  алдыңкы ыңгайлуу система болуп Венесуэллада чыккан түйүн эсептелинээри белгилүү болду. Жарнамалап жатасын деген сөздөр болбошу үчүн, бул компаниянын аталышын айтпай эле койойун. Болгону дал ушул технология жолу менен АКШнын азыркы президенти Барак Обама улуу державанын башына барганы кызыгууну жаратат. Бирок, албетте кол жасап бийликке келүүнү же элдин ишенимине жасалма ээ болууга бөгөт койгон системаны киргизүү бүгүнкү өкмөткө кызык эмес. Бул үчүн, чын эле мамлекеттин келечеги, балдарыбыздын бактысы, элдин тандоосун сыйлоо деген баалуулуктар жүрөгүндө  бар адамдардын көп болушу керек жана өтө чоң, чечкиндүү саясий эрк жетишпейт.

Жогоруда кеп кылган система, алгач биометриялык жана биографиялык маалыматтарды камтыган каттоо жүргүзөт. Анда манжанын мөөрү жана сүрөтүң  түшүрүлүп  бирдиктүү базада сакталат. Атайын чакан жана ыңгайлуу жабдык менен үч айда үч миң гана адам өлкө жарандарынын баардыгын каттап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан соң, атайын бир шайлоо тилкесине байланбастан добушуңду берүү мүмкүнчүлүгү  түзүлөт. Ал дагы электрондук жабдыкта жүргүзүлөт. Биз чөнтөк телефондорубузга бирдик жүктөп жүргөн аппараттар сыяктуу эле, экранга чыккан логотиби көрүнгөн партияга ойлонуп манжаң менен басып добушуңду бересин, ойлонуп кайра кайтуу мүмкүнчүлүгү да бар. Анан аппараттан атайын добушуң белгилеленген баракча чыгат. Аны урнага таштайсын. Ал эми системада добуш дароо Борбордук Шайлоо Комиссиясына түшөт. Урнадагы добуштар менен БШКдагы маалымат салыштырылып текшерилгенде айрыма чыкпоого тийиш. Демек, адаттагыдай шайлоо жыйынтыгын жумалап күтүп, жыйынтыкты бурмалоого жол берилбей, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин төрт беш саатта эл тандоосу аныкталып ачыкка чыгып калат. Бегилей кетүүчу жагдай, Венесуэлада ушул система киргичекти элдин шайлоого болгон ишеними 32 пайыз болсо, азыр 73 пайыз добуш берүүчулөр шайлоолорго ишенээрин билдиришкен. Бул жерде акылдууланып, жаңылык ачуу максаты жок. Болгону өзөмдүн байкоолорум менен замандаштарыма тең бөлүшүү ниети камтылды. Эмесе төмөндөгү сандардын сүйлөшүнө  дагы көңүл бөлүп койууңуздар.
Расмий эмес маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнү  социалдык фонддо 280 миң  жансыз жандар орусча айтканда «мертвые души» катталган. Алар орто эсеп менен 2500дөн эле жөлөк пул алса 700 млн сом кайда кетип жатат? Демек биз социалдык фондго төлөгөн маянабыздан кармалган 8 пайыздык төлөмдүн эсеби айрым атка минерлердин чөнтөгүнө  төгүлүүдөбү? Суроо ачык бойдон.

Айына $14,5 млн казнадан сырт кетип жаткандыгына ким кунөөлү? Балким 2009-жылдагы каттоодо мүчүлүштүктор болгондур?

Андагы элдик каттоого Германия Техникалык борбору 100 миң евро, БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) $115,9 миң, $270 миң адистерди үйрөтүүгө  бөлгөн. Ислам өнүгүү банкы $300 миң берсе, өлкө казнасынан $4млн. 200миң  сарпталган. Жыйынтыгында калкты каттоого $4 млн 885 миң 900 коротулган. Бул чыгым өзүн өзү актадыбы?

2010-жылкы парламенттик шайлоого 2 млн 817 миң 517 бюллетен заказ кылынган. Ар биринин орточо баасын 5 сом деп эсептегенде 14 млн. 87 миң 585 сом ($300 миңге) турат. Анын жок эле дегенде 20-30 пайызы жараксыз деп табылган. (Демек, бюллетен деген эски нерселерден баш тартып жаңыланууну колдосок окшойт.)

Ушундай ашепке чыгымдардан алыс болуу учун жаңылануу жана өнүгүү жолуна түшүүгө  мезгил келип жеттиби?

Сүрөт centralasiaonline.com сайтынан алынган.

Поделиться новостью: