КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:34 | 17 жетинин айы

Эмгек мигранттарынын балдары - Кыргызстандын жоголуп бараткан келечеги

Дата: 15:19, 07-04-2014.

Ар ким ар кандай максатта, орус тилдүү калк кайра кайтып келбейтурган болуп өлкөнү таптакыр таштап чыгып кетип жатат. Кыргыздар иштеп акча, тыйын тыпыр чогултуп, мекенге кайтуу планы менен кеткен. Кыргызстандын чиновниктери экономика элди жумуш орун менен камсыздоонун ордуна, трибунадан туруп алып жыл сайын миңдеген мигрантарды ишсиз үйүнө кайтарууда. Алардын өгөй өлкөдө кандай тирилик кылып, эмне менен алектенип, кантип жашап жатканын ойлогондор тилекке каршы чанда гана. А өлкөдө карыган ата-энелердин, жэ болбосо өзүлөрүнүн турмуш -тиричилиги менен алектенген тууган уруктарга таштап кеткен мигранттардын балдарын ойлогондор андан жокко эсе. Муну менен Кыргызстан келечегин жоготуу коркунучу алдында турат. Анткени балдарыбыз ата-эненин тарбиясысыз өсүп жатат. Учурда 500 миңден 1 миллионго чейин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрүшөт.

Мисалы, Бишкектеги №82 орто мектептин директору Атыркул Конушбаева мектептеги окуучулардын 30% эмгек мигранттарынын балдары. Бирок бул маалымат эскирип эле калган. 2012 жыл, мындан эки жыл мурун жүргүзгөн сурмажылоонун жыйынтыгында жогорудагыдай тыянак чыккан. Эки жыл ичинде бул көрсөткүч өстүбү же тескерисинче азайдыбы мектеп директорунун андан кабары жок.

«Биздин мектеп Бишкектин четинде «Ала-Тоо» жаңы конушунда жайгашкан. Мектепте ар кайсы аймактардан Ош, Жалал-Абад, Нарын, Таласа ж. б. райондордон келген балдар окушат. Алардын көпчүлүгү социалдык жактан корголбогон, андан дагы башка категориядагы ыгы жок эрке өстүрүлгөн балдар да бар. Такыр сабак окугусу келбеген балдар - булар Оруссия, Казакстан жана башка өлкөлөргө иштегени кеткен эмгек мигрантттарынын балдары. Эки жыл мурун биз анализ өткөрдүк. 30% бала ата-энеси менен эмес туугандары, карыган ата-энелери менен жашайт экен. Балдардын ата-энелери болсо чет өлкөгө ишгени кеетишкен», - дейт Конушбаева.

Анын сөзүнө караганда, бул балдар менен көбүнчө эч ким алек болбойт, эч ким эч нерсе окутпайт, үйрөтпөйт дагы. Бирок бөтөнчө бар, качан биздин мугалимдер балдардын ата-энелерине байланышканда гана балдары менен алекетенгендей түр көрсөтүшөт .

«Бир канча күн мурун биздин мектепте конкурс болду. Уулунун майрамдык иш чарага катышканын көрүү үчүн 1-класста окуган бир окуучубуздун апасы Моквадан учуп келди. Баласынын сахнада ойноп жатканын көрүп, байкуш эне кубанычынан көз жашын тыя алган жок. Ага кошулуп бизда ыйладык», -дейт мектеп директору.

Тилекке каршы, мындай окуялар дайыма болобербейт дейт ал. Мектептин директору 5-класста окуган баланын тагдырын айтып кейиди. Баланын ата-энеси ажырашып кетти. Андан кийин баланын энеси Туркияга иштегени кетип, ошол жакка турмушка чыгып алды. Бала ал аялдын эжесинин колунда калган, беш жылдан бери апасын күтөт, качан алып кетет деп эки көзү төрт. Баланын ден-соолугу начаралап баратат. Ооруп калчу болду.

«Өткөн жылы ал бешинчи класста окуп жүргөндө, бала каттуу ооруп каза болду. Дарыгерлер лихорадка деп аныктама коюушту. Температурасы өтө жогору болчу. Эгер баланын энеси жанында болгондо мындай окуя болмок эмес деп ойлойм. Биз аябай жаман абалда калдык. Ата-энелерде баланы акчага алмаштыруу деген чон көйгөй жаралды», - дейт ал.

Тажрыйбасы жогору педогог А. Конушбаева башкы көйгөйдү так даана белгиледи - ата-энелер иштегени кеткенде, алар адамдык баалуулуктарды акчага баалап жатышат. Алар акча жөнөтүп балдарына кийим кечек алып, курсагын тойдуруп жатам деп өзүлөрүн өзүлөрү сооротконсуп жатат.

Чынында эле мындайлардын балдары жакшы кийинишет,жаңы телефондорду көтөрүшөт,чөнтөктөрүндө акча көп.

«Бирок аларда бир гана ата-энелери жакшы иштеп көп акча салат деген гана сүйүнүч жашайт. Алар ушуну менен материалдык баалуулук менен жашайт. Алардын маанайы акчадан көз каранды. Бул өтө аянычтуу абал», - дейт ал.    

Учурда, мектепте социалдык педогогдор, психологдор иштеп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Бирок балдардын психологдор менен сүйлөшүүсү алардын көйгөйлөрүн чечип бербейт. Тарбиячылар баланын көңүлүнө жакын болот, психологдон болсо өтө кылдаттык, чеберчилик  талап кылынат, ата-эненин сүйүү жана мээрими баарынан жогору турат. Ар бир күн бала үчүн бир ачылыш, бала көчөдө, мектепте көргөн билгендерин ата-эне менен бөлүшүп турушу керек. Эгер ата-эне алыста жүрсө да балдардын көңүлүн акча менен эмес мээрим менен толтуруусу кажет.

Бирок буга карабай кароосуз калган балдар көйгөйү өзүнчө бир тарых болуп калып жатат. Дагы бир окуучунун апасы Оруссияга жумушка кетип кайра кайткан жок, атасы кийинчерээк башка бирөөгө үйлөнүп алды. Бала үйбүлөдөгү мындай өзгөрүүдөн кыйналды, өз көйгөйү менен өзү болуп отуруп калды. Мындай окуялар албетте баланын кийинки жашоосуна терс таасирин тийгизбей койбойт.

«10-жылдан кийин ата-эненин акчасы эч нерсени чечпей калат, баланын жүрөгүндө таарыныч калат. Кийин мындай балдар менен бир үйбүлөдө жашоо кыйын болуп калат. Алар сезимдерин ачыкка чыгара албайт, эмоциялык өнүгүүсү такыр жок болуп калат. Эгер мындан башка жол жок болсо, ата-энелер балдары менен бир топ эле алпурушканга туура келет. Андай болбосун десеңиз, бала кимдир бирөө менен жакын болушу, өзүнүн ой-сезимдерин кимдир бирөө менен бөлүшүүсүнө шарт түзүп беришиңиз керек. Кыскасы бала кимдир бирөө менен жүрөктөн сүйлөшүп, сырдашып туруусу абзел», - деп белгиледи А. Конушбаева.

«Кыргыздар байыртадан баланын тарбиясына өзгөчө көңүл бөлүп келген. Мурун ададар зангыраган үй,машина жөнүндө кыяданганда эмес, Аларга бир боз үй жеткен.Бекем үйбүлө жакшы тарбия көргөн бала алардын башкы максаты болгон. А азыр болсо байлык биринчи орунга чыгып кетти», - деп таң калды ал

А. Конушбаева ошондой эле, балдарды тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилигинин мыйзам менен бекитиш керек. Жылдар өтүп баратат, урпактарыбыз өсүп жатат. Ушул мезгилдерге балдарга ата-эненин татыктуу тарбиясы өтө зарыл. Ушул жылдарда баланын мүнөзү калыптанат, моралдык баалулуктар түптөлөт. Бул балдар Кыргызстандын жараны болуп, биздин коомубуздун мүчөсү болот. Педогогдор билебиз, бала кичинесинде канчалык жакшы тарбия көрсө, ошондо гана, адеп ахлак, адамдык баалуулук жана моралдык принциптерден үмүттөнсө болоорун кошумчалады.

Токтоло кетсек, жумушка аттанган ата-энелер туугандарынын желкесине жүк кылып бир гана мектеп жаштагы балдарын гана эмес, кичинекей бөбөктөрүн да таштап кетишет. Бир жылдан кийин бала караган кишини гана ата-энем деп таанып калат

Бишкек шаарынын тургуну Максат Кулдаркуловдун айтымында, үйүндө үч жашар Айсулуу жана жети жашка чыккан Дастан аттуу небереси чоңоюп жатат. Балдардын ата-энелери эки жыл Оруссияга иштеп кетишкен. Кыргызстанда баланын апасы мугалим, атасы адвокат болуп иштечү. Үй алганга акчасы жетпей, турак жай сатып алыш үчүн акча топтогону кетишкен. Балдарын чоң ата, чоң энесинин колуна табыштап кеткен. Ата-энелери акча салып турушат. Телефондо сүйлөшөт, интернеттен кабарлашып турат. Жылына бир эки жолу майрамдарда келип кетет.

«Бирок баарибир алар жок балдар зеригет, аларга жакын адамы менен мамиле жетишпей турганы байкалат. Кээде Айсулуу бала бакчада балдар менен урушуп калса жэ бирөөлөр таарынтып койсо, эч кимибиз менен сүйлөшпөй коет. Балдар болгон бугун ата-энеси менен бөлүшкүсү келет, алар менен сүйлөшкүсү келет да. Алар скайп атркылуу сүйлөшүп калганда коштошоордо качан келесиңер деп кайра кайра сурай берет», - дейт Максат

Бишкек шаарындагы жаңы конуштун тургуну №83 орто мектептин директору Султан Калыгулов окуудагы жетишкендиктерде ата-энелери жумуштап кеткен жарандардын балдары башкаларга салыштырмалууу кыйла артта калып баратканын айтты. Алар көбүнчө сабакка келбейт дейт ал.

Бишкек шаарынын ИИББ жашы жетпегендер менен иштөө инспекциясынынын башчысы Жамил Талканбаева ата энеси кароосуз калтырган балдар көп катталарын айтты. Кечээ жакында эле ушундай эки окуя болду. Бирөө Ленин районунда баласын чоңдорго таштап Ош облусуна кеткен. Экинчиси болсо, төртүнчү класста окуган уулун квартиранттарга таштап Оруссияга ишке кетип калган.

Психолог Перизат Асылбаеванын пикиринде, баланы ата-эненин катышуусунда тарбиялоо өтө маанилүү, ансыз баланын көңүлү толбойт. Ата-эненин ордун эч ким баса албайт. Ата эненин тарбиясын албай өскөн бала, ал тарбияны көчөдөн издей баштайт. Көчөдө жүрүп анда коргонуу сезимдери күчөй баштайт. Бала жини келип түнт боло баштайт. Көчө тарбиясын алып калган балага материалдык байлык биринчи орунда болот. Ошондуктан канчалык алыста болсода ата-эне балдарына мээримин берип туруусу зарыл. Ар бир бала өзүнчө өзгөчө бир дүйнө, ар бирине өзгөчө мамиле кылыш керек.

Кимдин ата-энеси иштеп кеткен болсо, ал балдар үчүн бир дагы бир мамлекеттик институттарда, бала бакчада, мектепте атайын прогрммалар иштелип чыккан эмес, көңүл да бурулбаган. Буга педогог жана тарбиячы, ошондой эле психологдорду айыптоо туура эмес. Жашы жетелектердин иши боюнча инспекциянын кызматкерлери жогорудагыдай балдарга үйдөбү, көчөдөбү убагында көңүл буруп турса, эмгек мигранттарынын балдар кыздары ийгиликтүү өспүрүмдөрдүн тайпасына кошулмак.

Психологдордун айтымында ата энелердин эмгек миграциясынын балдарга таасири балдарга эртерээк убагында кам көрүү керек экенедигин көрсөтөт. Балдарга жакын болу үчүн тезирээк бир чечимге келүү керектигин көргөздү.  Кыргызстандагы активдүү массалык жарандык сектору биз жаш өспүрүмдөрүбүздү көйгөйлөрүн чечүүдө баш көз болушу керек.

Анткени бул бир ата-энелердин эмес, балдардын да мамлекеттик органдардын да коомдун көйгөйү болуп эсептелет. Тескерисинче бул көйгөй ата-энелер тарабынан жаралып анан коомго ыргытылып жатпайбы?

Сөзүмдүн аягында акындын: «Дүйнөдө өгөй балдар болбойт - биз муну жакшы түшүнүп жетишибиз керек» деген сөзү эсиме түштү.

Поделиться новостью: