КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:14 | 25 аяк оона

Кыргызстандын салык саясаты жеке ишкердүүлүктү муунтпастан аны өнүктүрүшү керек - Бишкек ишкерлер клубу

Дата: 13:45, 11-02-2014.

«Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин, ыктыярдуу патенттин негизинде иштеп жаткан ишкерлерге салык көлөмүн тууралуу соңку демилгеси, мамлекеттин өнүгүү максаттарына толугу менен карама каршы келип, бүтүндөй өлкөдөгү ири жана чакан ишкердүүлүккө оор сокку болот. Алдын ала экспресс-анализге караганда, долбоордун токтому кабыл алынган болсо, ыктыярдуу патенттин негизинде ищтеп жаткан ишкерлер үчүн салык көлөмү 2,16 эсеге көбөйөт. Ыктыярдуу патенттин наркынын жогорулашы 86% кызмат түрлөрүн камтып, 7% категорияда гана өзгөрүүлөр пландалган эмес, 7% категория боюнча салык көлөмдөрү төмөндөшү күтүлөт», - деп жазылат документте.

Бишкек ишкерлер клубунун маалыматына ылайык,  бир катар кызматтар боюнча салык көлөмү 5 эсеге чейин көбөйтүү каралган. Мисалы, кийим кечелер, трикотаж кийимдер жана бут кийимдер, чүпөрөк чапырак, самын, атыр, ичимдик, үй тиричилик оокаттары жана башка ушул сыяктуу нерселерге  2 миң сомдон 10 миң сомго чейин, жана 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин салык көбөйүшү мүмкүн.

Министрлик тарабынан үй жаныбарларынын терисин жана жүн иштетүүдө  салыкты 3 эсеге 2 миң сомдон 7 миң сомго чейин салыкты көбөйтүү пландашылган. Саат оңдоодо 1 миңден 3 миңге чейин, таштанды жана саркынды сууларды тазалоодо 2 миңден 6 миң сомго чейин жогорулатуусу күтүлүүдө.

Нан жана таттуу нан сатуучулар  1 миңден 4 миң сомго чейин, хот-дог саткандар 3миң 500 сомдун ордуна  10 миң сом  төлөп калышат.

«Кыйроо салык саясатын, билим берүүдөн баштап, кызмат көргөзүү жана майда жана чакан өндүрүшкө чейин алектенген ишкерлер өздөрүндө сезет», - деген бүтүмүн билдирет Бишкек ишкерлер клубунун серепчилери.

Маалыматта, курамына серепчилер, экономисттер, юристтер, баа саясатын жөнгө салуучулар, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, жобо чыгармачылык органдардын мүчөлөрү кирген жумушчу топ түзүлүп жаткандыгы кабарланат.

«Бизнес-ассоциациялардын  салык долбоорлорду талкууга жана иштеп чыгууга катышуусу зарылчылык. Анткени токтом ишкердүүлүк мамилелерине түздөн түз тиешелүү. Каржы минстрлиги, долбоордун жоболук актысынын демилгечиси катары, салык көбөйтүү боюнча жумушчу топ түзмөк тугүл, курамына кирүүчү оругандар тууралуу маалымат да таратышкан эмес. Бул каржы минстрлигинин мыйзам долбооруна кайдыгер карагандыгынан кабар берет», - дешет серепчилер.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана улуттук кызыкчылыктарына карама каршы келгендигине байланыштуу, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү өкмөткө  Кыргыз Республикасынын  «Ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген ишкердүүлүктүн  түрлөрүнө салыктын баштапкы көлөмүн бекитүү тууралуу» мыйзам долбооруна  2008-жылдын 30-декабарынан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  токтомун талкуудан алып салууну сунуштоодо.

Туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын маалыматтарына ылайык, чакан жана орто ишкердүүлүктүн экономикага кошкон салымы ички дүң продукциянын 40%нан ашкан. Ар кыл баалоолор боюнча жалпы жумуш менен камсыздалган калктын 15% чакан жана орто ишкердүүлүк тармагында иштейт. Экспорт өнүгүү стратегиясында экономикалык ишмердик менен алектенген айымдардын саны кескин азайгандыгы  81,6%дан ( 1991-жылдан карата)  41,8% чейин ( 2010-жылга карата )  тастыкталат. Өнүгүү стратегиялардын бардыгында калктын ишкердүүлүктөгү  активдүүлүгү мамлекеттин алдыга жылышына өбөлгө экендиги белгиленет.

Кыргызстанда  чакан жана орто бизнеске болгон мамиле мамлекеттик  саясаты ишкердүүлүктүн саны өсүүсүнө шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши керек. Анткени, дал ушул тармак, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө тузөт, жашоо деңгээлин жогорулатып, калкты жумуш менен камсыздоого шарт түзөт.

Өнүккөн өлкөлөрдө чакан жана орто бизнес негизги жумуш берүүчү болуп эсептелинип, ага ички дүң продукциясынын 60-80% туура келет.

Кыргызстанда кичи жана чакан ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнүн көйгөйлөрүнүн бири атаандаштык жөндөмүнүн жөнгө салынбагандыгы. Себеби, керектүү өндүрүштүк, адамдык жана илимий мүмкүнчүлүктөрү бар, бир аз фирмаларды эске албаганда, ири ишканалар жокко эсе. Бирок, мамлекеттик казнага түшүүчү киреше  салыктарга болгон көлөмдөрдүн жогорулашы менен азайышы мүмкүн. Ошондой эле, жогору салыктардын айынан ишкердүүлүктөгү атаандаштык да жоюлуп кетүү коркунучу бар. Ошентип, Республикалык казна кирешесинин эсебинде, салык кирешесинин өсүү темпи (2014-2016жылдарга карата) үч жылдык аралыкта 114, 1% түзөт. Чакан жана орто ишкердүүлүккө мамлекет тарабынан басым көргөзүлө берүүсү ансыз да өлкөдөгү экономикадагы катаал абалды күчөтөт.

Поделиться новостью: