Улут болсом, тилим менен улутмун

Дата: 15:15, 21-09-2012.

Бишкек. 21-сентябрь. КырТАГ – Улукбек уулу Ырысбек. 23-сентябрда өлкөбүздө мамлекеттик тилдин 23 жылдыгы белгиленет. Бул күн жакындаган сайын коомдо тилдин өнүгүшү, же өнүкпөгөндүгү жөнүндө кептер улам көбүрөөк угула баштады. Айрымдары бүгүнкү күндө кыргыз тили бир топ өсүп, иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштады деп ыраазы болуп жатса, башкалары жаштар эне тилин барктабагандан да тепселеп жатканына кабатыр болууда.

Тил маселеси бизде баарына жаккан тема өңдөнөт. Адатынча аны Жогорку Кеңештин мүчө депутаттары көтөрүп чыгышат. Көбүнесе мамлекеттик кызматка илингиси келген адамдар кыргыз тилин билиши абзел деген демилге көтөрүлөт. Бул сымал кеп козголгондо журналисттерге Кудай берди да. Ызы-чуу чыгарып жиберишет эмеспи. Орус тилдүү кабарчы-баяндамачылар мындай демилгечилерди эл душманына айлантып, Гитлер саясатын колдогон улутчул кылып көрсөтө киришет. Анын үстүнө, мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп айткан киши дароо популистке айлана турган болду.

Тил жагынан алганда, учурда коом бирине бири каршы турган эки жаатка бөлүнүп алды. Борбордун өзөгүн түзөбүз деп эсептеген “нукура шаардыктар” кыргыз тили менен гана чектелбестен, башка тилдерди да өздөштүрүү керек деп айтуудан тажашпаса, кыргызча сүйлөй алгандар башка тилде сүйлөп жүрсөк эне тилибизди кантип өнүктүрмөк элек деп кайгырып калышат. Ачык сөздө уят жок, экиге бөлүнгөн коомдо бири-бирин жек көргөн учурлар көп байкалат. Бириси “мырки” деп жаман көрсө, экинчиси “маңкурттар” деген сөздү колдоно кирет.

“Балык башынан сасыйт” демекчи, жыйынтыгына карабастан, ар бир иште таш, биринчи кезекте, башчыларга тиет. Тилдин өнүкпөй жатышында да башчылар күнөөлүү болуп чыгат.

Мамлекетибизде мамлекеттик тилдин орду бүгүн кандай, аны кантип өнүктүрөбүз, дегеле өнүктүрүүгө зарылчылык барбы деген суроо боюнча президенттин кеңешчиси Султан Раев ой бөлүштү:

“Ааламдашуу процесси жүрүп жатканда тилди сактап калуу өтө маанилүү. Өлкө жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн болгон күч аракетин жумшап жатат. Мисалы, учурда президенттин жыйындары, иш кагаздары бир гана мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштады. Жакынкы арада президент өз эсебинен бөлүп берген 2 млн 400 миң сомго 10 томдук “Кыргыз адабияты” басылып чыгарылат, ал өлкөдөгү баардык мектептерге таратылып берилмекчи.

Мамлекеттик тил өссүн десек, ар бир атуул өзүнөн баштоосу зарыл. Тилибизди өнүктүрөбүз деген ниет ар бирөөбүздүн көкүрөгүбүздө болушу керек”, - деп ал мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта кагазынан окуп берди.

Өкмөттүн атынан сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Камила Талиева тилди өнүктүрөбүз деп псевдопатриоттук маанайда кыйкырып чыгуунун кереги жок деп баса белгиледи.

“Баары кыргыз тилинде сүйлөшү керек деп көп айтабыз. Бирок, биз башка улуттардын өкүлдөрүн күч менен көндүрөбүз деп аракеттенбестен, аларга өбөлгө түзүшүбүз керек”, - деди ал.

Анын пикиринде, мамлекеттик тилди башка жолдор менен да өнүктүрсө болот.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары кыргыз тилиндеги тексттерге өзгөчө көңүл бурушу керек. Ар бирөө өз намазын окуп, каалашынча жаза берет. Айрым гезиттер кыргыз тилин биротоло бурмалап салмай болду.

Тилибизди өнүктүрүш үчүн баланы бакчадан баштап көндүрүп баштоо керек. Тил – бул улуттун өзөгү, тилин сүйгөн элин да сүйөт. Башкача болушу мүмкүн эмес», - деп пикири менен бөлүшө кетти ал.

Негизи, кыргыз тилин өздөштүрө электерди көбүнчө “патриот эмессиң” деп басмырлап киришет. Мындай учурда бир гана “Сен патриот деген эмне экенин билбей туруп сүйлөбөчү” деген жооп угулат. Коомдун минтип бөлүнүп, бири-бирин жектегени жакшы эмес. Бирок, ар бир тарап өзүнүкүн туура көрүп жатпайбы.

Дүйнөлүк практикага көз салып көрсөк, алдыңкы өлкөлөрдүн катарында деп эсептелген Германия, Франция, Жапонияда англис тилинде мыкты сүйлөшүшөт. Бирок, иш кагаздары бир гана эне тилинде жүргүзүлөрү белгилүү. Кечээ Кыргызстанга сапары менен келип кеткен орус эл башчысы Владимир Путин жарлык чыгарган, ага ылайык, Орусияга иштеп барам дегендер орус тили, адабияты жана тарыхы боюнча экзамен тапшырууга тийиш. Кытайда турист экениңди көрүп туруп деле калкы кытайча сүйлөшүңдү талап кылат. Бизде иштер мамлекеттик тилде жүргүзүлмөй турсун, алыстан келген туристке орусча түшүндүрүп киребиз.

Президентттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков кыргыз тилинин жакшы өсүп кете албай жаткандыгынын себеби тилге болгон муктаждыктын жоктугунда деп эсептейт.

“Ушул муктаждыкты пайда кылуу үчүн комиссия Жогорку Кеңештин 17 депутаты менен бирге бир мыйзам долбоорун демилгеледи. Эгерде ал кабыл алынып кете турган болсо, мамлекеттик кызматка орношууну көздөгөн адамдар атайын комиссиядан өтүп, кыргыз тилин билет деген сертификат алышы керек болот. Чиновниктер кыргызча сүйлөп баштаса, эл да кыргыз тилин билүүгө аргасыз болот», - дейт ал.

Эгемберди Эрматов, ЖК депутаты, парламентте мамлекеттик тилдин өсүшүнө бир топ аракет көрүлүп жатат дейт.

“Жакында, мыйзам долбоору кабыл алынары менен, парламенттеги документтер алгач мамлекеттик тилде даярдалышы шарт болуп калат. Ал эми жыйындар бир гана кыргыз тилинде өтүп жатканын өзүңүздөр деле көрүп турасыздар”, - деп айтты депутат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ушунчалык эле маанилүүбү? Балким, орус, англис же кытай тилинде сүйлөп баштасак, алар менен аралашып батыраак бутубузга туруп аларбыз... Бул боюнча Р. Момбеков “алгач тилди өнүктүрүү керек, тил – элди бириктире турган күч, биримдикте болгон эл байлыкка да жетип алат. Эң башкысы, тил – бул улуттун өзөгү жана негизги белгиси” деп түшүндүрүп берди.

Атка минерлер мамлекеттик тилди өнүктүрүшүбүз керек деп көп эле айтып калышат. Азырынча көрүнүктүү жыйынтык жок дейт көбү. “Бирок, атуулдар башчылар эмне кылып берет деп күтө бергендин ордуна өзү үлгү көрсөтүп берсе кандай болот?! Эч ким сен кыргызча бир гезит чыгарып жибер, же “Манасты” жаттап чык деп мажбурлаган жок. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу үчүн “ата-апа”, “токтотуп коюңузчу” эле жетишет”, - дейт борбордогу мектептердин бириндеги кыргыз тили мугалими Айгүл эже.

“Биз азыр Бишкекте билим алууда, соода-сатыкта, маршруткада, түнкү клубда, же такси чакырганда кайсы тилде сүйлөшөбүз? Албетте, дээрлик орус тилинде. Орусча билбесек уялабыз. Ошол эле учурда кыргыз тилин билбесек андай сезим болбойт жана “отсталый баран” эмеспиз деп компоюп калабыз. Тилекке каршы, ушундайлар көппүз. Ага кошумча кечээ эле тоодон келип алып, тантырап болсо да орусча урдурабыз. Ушул көрүнүш улана берсе анда кыргыз тили эгерим өнүкпөйт”, - деп журналист Али Токтакунов да ой бөлүшө кетти.

Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар 4-5 күн эртерээк башталды. Себеби, быйыл 23-сентябрь жекшемби күнүнө туура келип калат экен. Ким эле ушул күн үчүн дем алышта жумушуна баргысы келсин. Тил күнүнө карата мекемелерде ар түрдүү сынактар өтүп, жеңүүчүлөр байгелер менен сыйланып жатат. Андан тышкары, айрым мекемелерде “Кыргыз тилинин жумалыгы” өткөрүлүүдө. Кыргыз тилинин урматына бир жылда ага бүтүндөй бир жума бөлүп берип жатышат.

Бирок, тегин, тилин билип, ал өнүксүн деп чын дилинен аракет кылып жаткан жаштарды көрүп, алардын саны өсүп жатканын көрүп, кыргыз тили жоголуп бара жаткан тилдердин катарында экенине ишенүү кыйын. Башкысы, кыргыз тилинин улут үчүн маанисин түшүнгөндөр бар.

7-8 жыл мурункуга салыштырмалуу абал бир топ жакшыргандыгы көзгө көрүнүп турат. Сапаты канааттандыраарлык болбосо да, жарнамалар кыргыз тилинде чыгып баштагандыгы кубандырбай койбойт. Кыргызстанда эле  эмес, кыргыздар жайлаган Кытайдын батышында да жаңылыктар кыргыз тилинде берилип жатат. Айтор, баарына терс карай берген да болбойт. Жылыш бар. Бирок, бул жылыш жай болбошу үчүн, ар бир атуул иш жүзүндө өз салымын кошуусу өтө маанилүү.

Поделиться новостью: