КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:49 | 19 жетинин айы

Өзгөчө кырдаал: Бөлүнүп калган арал

Дата: 13:16, 15-11-2012.

 

 

Бишкек. 15-ноябрь. КирТАГ – Дарья Сытенкова.  Ак-Таш айыл башкармалыгынан өзбек чек арасына чейинки жол үйлөр менен талаалардын боюнда турат. Бул жердеги конуштар хуторлорду элестетет – бир нече турак турат, айланасында болсо кебез талаалары турат. Күзгү түшүмдү мурун окуучулар менен студенттер жыйначу эле, азыр болсо бир нече гектарды бир-эки үй-бүлө карайт. Бул жердеги айылдар негизинен аралаш, өзбектер да, кыргыздар да жашайт. Чек аранын аркы бетинде «Барак» деген кыргыз айылы бар. Сенин айылың бир мамлекетке таандык болуп, бирок башка өлкөнүн аймагында турганда эмне кылуу керек?

 

 

Союз таркап, чек ара маселелери күч алып баштагандан кийин этнографтарда «этническая чересполосица» деген бир жаңы термин пайда болуптур. Бул бирөөнүн жери бир жерде туташ болбостон, ар кайсы жерде болгондугун билдирет экен. «Барак» анклавы эки өлкөнүн ортосунда бар болгон көйгөйлөрдү жүз эселеп курчутуп жаткан призма сыяктуу. Тышкы саясатта кандай окуя болбосун, бул айылдын ар бир тургунунун көйгөйүнө айланат.

Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак анклавына кыргыз паспорту менен өтүү мүмкүн эмес. Бул айылга тойлорго же башка иш-чараларга «материктен» туугандар келбейт. «Уйуң тигил бетке өтүп кеттиби, болду, жоголуп кетти деп эсептей бер», - деп нааразы айылдын тургуну Курмантай.

Айыл башкармалыгынын башчысы, губернатор дагы чек арадан өтүш үчүн суранышы керек.

Айылдын башчысы Бурканбек Аширов айткандай, анклавдардагы маселелер борбордо эч кимди кызыктырбайт. Анын столунда бир топ маалымкат (справка) жатат, тургундар керектүү болгон азык-түлүктү же башка буюмдарды өткөрө алышы үчүн маалымкаттарды күндө жазып берип туруу керек. «Мен айылдын башчысы катары маалымкат беришим керек, жарым кап көмүр болсо дагы өткөрүшпөйт, маалымкатты талап кылышат», - дейт ал.

Ушундай кагаз түрүндөгү тоскоолдуктар үчүн былтыр жыйналган кебез түшүмүн «материкке» быйыл апрелде гана чыгарууга уруксат беришти. Коңшу өлкөнүн аймагында болсо айыл чарба продукциясын сатууга катуу тыюу салынган. Айыл тургундары бир гана ушундан киреше көрүшөт. 200 гектар аймагы бар чакан айылда эч бир өндүрүш жок, тургундар табигый чарбанын эсебинен гана жашап көнүп калышкан.

«Биз продукциябызды чыгарып кетүү үчүн Өзбекстанга, губернатордун жана бажы башчысынын атына атайын кат жазып кайрылабыз. Былтыркы түшүмүбүздү биз башкалар жаңыдан себип баштаганда гана чыгарып кете алдык. Уруксат бермейинче кебезди үйдө сактап турабыз. Уруксат бергенде аны чыгарып кетүүгө техника жетишпей калат», - деп айыл башчысы арызданды.

 

 

Бүтүндөй бир айылда бир гана трактор бар. Жүгөрүнү же кебезди чыгарып кетүү үчүн дыйкандар себүү иштери баштала электе эле жазыла башташат. Ал эми Ак-Таш айылынан техниканы алып кирүү мүмкүн эмес, документтерди даярдоо өтө татаал. «Унаалардын тизмесин биз жыл сайын тапшырып турабыз. Бул тизме чек арадагы өткөрүү жайларында бар, кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү биз жылына бир эле жолу киргизе алабыз. Августта 15 адам билдирме тапшырган, бирөөсү жаңы техника сатып алды, экинчиси унаасындагы белгисин өзгөртүп алды. Эки ай өттү, бирок дагы эле өтүүгө уруксат бере элек. Унааларды айылдагы тааныштардыкында калтырууга туура келет», - дейт айыл башчысы Бурканбек Аширов.

Баарынан да жылкысы жок тургундарга кыйын келет. Бир посттон экинчи постко чейин жөө бассаң жарым сааттык жол. Жолдун эки жагында тең жайгашкан өзбек айылдарынын тургундары менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Барак айылынын тургуну Үсөнбай айтып бергендей, кичинекей кезинде чек арадагы жайыттарда чогуу футбол ойноп жүргөн адамдарга да барып келе албайсың. «Биз өзбек жолунан өтүп бара жатканда эч ким менен сүйлөшпөйбүз. Бирок биз коңшу айылдар менен ар дайым достошуп эле келгенбиз. Азыр алар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган, болбосо, атайын кызматтар токтото беришет», - дейт Үсөнбай.

Анклавдын тургундарынын маселелерин чечүү боюнча баардык сүйлөшүүлөр саясатта туруксуздук башталганда күчөп кетет. Бишкектеги митингдер менен революциялар Барак айылынын «тышкы саясий абалына» замат таасирин тийгизет. «2010-жылдын июнунда биз айылды таштап эле кеткенбиз, аялдар менен балдар «чоң жерге» өтүшкөн. Айылды бир нече эркек киши карап калган», - деп кайгырып эстеди Курмантай. Бир нече жума өткөндөн кийин гана тургундар өз айылына кайтып башташыптыр.

Кыргыздар өз Барак айылына кандайча кайтып жатканы бул сүрөткө түшүп калган, аны 2010-жылы чет өлкөлүк журналисттер тартып калган, ал дүйнө жүзү бою таркаган.

 

 

Бир окуяны айыл тургундары күлкү менен эстешет. Эч кимден жардам сурай албай калганда алар адашы Барак Обамадан жардам сурашыптыр, ал Өзбекстанга келип кеткен кезде. Бирок Барак айылы маалыматтык жана аймактык жактан бөлүнүп, изоляцияланып калган. Учурда айыл бүт тарабынан эки метр тереңдиктеги аңгек менен курчалган. «Бизди президентти коргогондой карашат, чек арада күзөт күчөтүлгөн», - деп күлүшөт тургундар.

Аны менен бирге, бийлик үчүн анклавдар - саясий курал. 200 үй-бүлөдөн турган чакан айылды көчүрүп деле койсо болот. Бирок, бул маселени атайылап созуп жаткансыйт. Анклавдар мамлекеттердин саясий максаттарынын барымтасында тургандай. Кыргызстандын аймагында Сох, Шахимардан деген өзбек анклавдары бар. Чек арадагы маселелер бул айылдарга басым жасоо аркылуу чечилет. Кыргыз айылдарынын тургундары өзбек айылдарына барган сууну тосуп салышат, ошол эле кезде Барак айылына да басым жасалат.

Жергиликтүү бийликтердин аракеттери эпсиз көрүнөт. «Бизге алыскы тоолор жактан 18 гектар сугарылбаган жер беришкен,  ал жакта эч кандай инфраструктура жок, жол, мектеп салыш керек», - дейт Барактын башчысы. Тургундар мындай вариантка, албетте, макул болгон жок. Алар өз вариантын сунушташууда. «Эгер бизди көчүрө алышпаса, жок дегенде эркин, тоскоолсуз коридор өткөрүп беришин каалайт элек. Биз бул сураныч менен президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат түрүндө кайрылып жатабыз. Бул суроо чечилбесе, жок дегенде анклавдардын статусун өзгөртүп беришсе. Салык жактан жеңилдетип, же электр энергиясын арзандатып беришсин», - дейт Бурканбек Аширов.

Айыл башчысынын столунда ар кандай кагаздардан тышкары айылдын картасы жатат. Бул жерде жанагы эркин коридордун бир нече варианты чийилген. Бирок буга бийликтин эрки керек.

 

 

 

Поделиться новостью: