КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:59 | 23 аяк оона

Өзгөчө кырдаал: үч таштын үстүндө

Дата: 11:52, 29-11-2012.

 

Бишкек. 29-ноябрь. КырТАГ – Дарья Сытенкова. Куршаб айылы Ош менен Өзгөндүн ортосунда жайгашкан. Айылдыктар эсептегендей, эки оттун ортосунда турат.

22 жыл мурун улут аралык коогалаң Өзгөндө башталган, эки жыл мурун Ошто. Эки окуяда тең кооптуу жерлерде жашагандар Куршабга качышкан, себеби, бул айылда коргой тургандыгын эзелтен билишет. Бул жерде эч качан үй өрттөлгөн эмес, анын үстүнө баардык кошуналар бири-бирин жакшы таанышат.

«Менин бакчам чоң, балдарым Орусияда, үйдө жардам берчү бирөө жок. Андыктан, кошунам жыл сайын күзүндө кургап калган бутактарды кыйып берет», - дейт айыл тургуну Тамара Ивановна, мектептеги мугалим.

 

 

Ал өзүнүн жеринин бай жана көп улуттуу тарыхын ар кимге айтып берүүгө даяр. Мисалы, айылда жүз жылдан бери турган үч имарат бар. Жер титирөөлөргө жана адамдардын кылыктарына карабастан бул имараттар дагы эле турат. Жүзгө чыккан мектеп дагы эле аймактагы билим берүү борбору болуп турат. Мектепте орус тилинде окутушат, бирок, бул жердегилер 5-6 тилде сүйлөй алышат. Бул окуу жайын аскерий казактар таштан курушкан деп айтышат, алгач эркек балдар үчүн окуу жайы болуп курулуптур, ушул жерде эле кол өнөрчүлүккө да үйрөтүшчү экен.

Тамара Ивановна таң атаары менен дайыма чиркөөгө жөнөйт. Таштан курулган чиркөө совет танкисттерине арналып коюлган эстеликтин жанында турат. Бул имарат да жүз жылдан ашуун турат. Узак бир кылымдын ичинде «покров Божья Матери» чиркөөсүнө ким гана ээлик кылбады. Спорт залы да болгон, дискотекаларды дагы уюштурган учурлар болгон. Тарыхый мазарды жергиликтүү тургундар өздөрү калыбына келтирүүнү туура көрүштү. Азырынча чиркөөнүн төбөсү (купол) жок, ичинде болсо дагы эле волейбол тору илине турган жабдыктар бар. Бирок, дубалдарында иконалар бар. 1930-жылдардын башында чиркөөнү тоноп кетишкенден кийин тургундар ыйык адамдардын сүрөттөрүн үйлөрүндө сактап калышкан. Чиркөөнү калыбына келтиребиз дегенден кийин эле айыл тургундары иконаларды өздөрү алып келип башташты. Чиркөөлүк иш-чаралар бул жерде сейрек өтөт, Оштон же Жалал-Абаддан батюшка келип калганда гана. Бул чиркөө турган таш дагы куршабдыктар үчүн бириктирүүчү таш болуп калды.

Алтынай жергиликтүү бейтапканада эки жылдай эле иштейт. Бирок бул имараттын тарыхын эчак эле уккан. Фельдшердик-акушердик жайды бир кылымдай мурун таштан курушкан. Анда көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн бул куткаруучу имарат болуп калган. Дарыгерлер согушта да, суукта да, ачаарчылык мезгилде да иштей беришкен.

 

 

«Бейтапканада улуттук негизде чыр-чатак чыга элек. Айтмакчы, бул жерде биз көп тилдүүбүз, арабыздагы орустар да, тажиктер да, уйгурлар да, өзбектер да кыргыз тилинде кенен сүйлөйт», - дейт Алтынай.

 

 

Бишкектен алыс эмес жерде Ленинское деген айыл бар, ал көп улуттуу кварталдарды камтыганы менен белгилүү. Бул жерде украин, немис, словакиялык көчмөндөрдүн урпактары көп. Татьяна Шахман - жалпы аймакка белгилүү реанимациядагы медайым. Бир нече жыл мурун анын колунда жаш аял каза болгон, анын төрт кызы жана азиз энеси калган.

Бир аз убакыттан кийин, Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө карата майрамда, Татьяна Яковлевна жетим калган кыздарды карап коёюн деп барган. Белектерди топтоп алган. Балдарды сарайдан тапкан, алар үшүп, ачка калыптыр. Энеси каза болгондон кийин кыздар ушул жерде күн көрүп жатышыптыр. Татьяна Яковлевна аларды үйүнө алып кеткен. Жок дегенде кыштан чыгарып коёюн деп, бирок ошону менен аларды эч жакка коё бербеди. Муну менен Ленинскоеде көп улуттуу үй-бүлөлөрдүн саны дагы бирге көбөйдү. Улуу кыздар мектепке да барып башташты.

Кыргызстанда мындай көп улуттуу чөйрөдө жашоонун мисалдары көп, жогорудагы саясатчылар билгенден бир топ көп. Көп улуттуу чөйрөдө жашоодон алынган тажрыйба – бул чырды ошол жерден чечип, кошуна менен макулдашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк. Бул – өлкөнүн келечеги.

 

 

Поделиться новостью: