КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:53 | 17 жетинин айы

Өзгөчө кырдаал: кыргыз энелери менен аталары балдарын, үй-бүлөлөрүн таштап, согушка жөнөгөнсүп эмгек миграциясына кетишүүдө

Дата: 16:16, 29-10-2012.

 

Бишкек. 29-октябрь. КырТАГ – Дарья Сытенкова. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнөн чет жакка, негизинен Орусияга, киреше табууга 3-4 адам кетип жатат.
Журналист Аида Касымалиева «Эхо Москвага» берген интервьюсунда азыркы абалды аскерий абал менен салыштырды.
«Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөн согушка кеткенсип 3-4 адамдан кетип калды. Чоң ата, чоң энелерине калтырылган балдардын бир жакта энеси жүрөт, ал акча жөнөтүп турат, бирок эч кандай сезим жок. Акча эле акча... Москвада метродо бара жатсаң сүйлөшкөндөрдүн баары эле акча которуу тууралуу: мен сага жөнөтүп койдум, мен жөнөтүп жибердим... Мекенинде да тигил жактан которулган акча жөнүндөгү эле кеп» - дейт Аида.
Москвадагы кыргыз диаспорасы күн сайын каза болгондордун сөөктөрүн жөнөтүп турат, ал моралдык-укуктук суроолорду карап отурбайт, акча чогултат, көз жумгандардын туугандарын издейт. Согуштагыдай эле. «Адамдар өтө чарчап, кыйналып калды», - деп кейүүдө журналист.

 


Ар кандай маалыматтар боюнча, учурда Орусияда гана 1 миллиондой кыргыз жараны эмгектенип жүрөт. «Кыргызстан мигранттардан абдан чоң жардам алып жатканын эске алганда, биз үчүн миграциялык саясатты жүргүзүү абдан маанилүү. Бизге болжолу эки миллиард долларга жакын акча которулат. Сыртта 700 миңден ашуун кыргызстандык иштейт деген чындыкка жакын расмий статистика бар. Алар жумушка орношуп алышкан. Эми ушул акча жок болгонун элестетип көрсөңөр, адамдар жумушсуз калмак. Өлкө үчүн бул кырсык болмок. Бул чоң социалдык-экономикалык көрүнүш экенин эске алып, так саясат жүргүзүп, бул багытты коргоо керек», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов.

Эмгек мигранттары жөнүндө кеп көп козголот. Бул тууралуу сөз болуп келген, болуп жатат жана болот берет көрүнөт. Бирок, сөз абалды өзгөртө албай жатат.

«Мени нааразы кылган нерсе – мигранттардын көйгөйлөрү президенттердин деңгээлинде бир дагы жолу көтөрүлгөн жок. Мына, Путин дагы келип кетти, талкуулашып, маанилүү макулдашууларга кол коюшту. Мигранттар боюнча бир сөз дагы айтышкан жок. Жок дегенде ой бөлүшүп коюшса болот эле, бирок болгон жок», - дейт А. Касымалиева.

Борбор Азиядан чыккан мигранттар темасы орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын барактарынан түшпөй келет. Орусиянын журналисттери мигранттардын окуяларын чагылдырышат, көп учурда алар темага тереңирээк кирбей коюшат.

«Бул тууралуу маңыздуу айтып бере турган адамдар жок. Мигранттар болсо көп учурда орус тилинде сүйлөй алышпайт. Мунун артынан орусиялык пресса мигранттар сабатсыз жана криминалдашкан деген көз караш түзүүдө», - деп оюн билдирди журналист.

 

 

Мигранттар жөнүндө көбүнесе криминалдык кабарлардан угуп каласың. Мисалы, ызы-чуу чыгарган «Сапаргүлдүн ишин» жалпы дүйнө укту. Жердештер эле кыздарды сабап, кемсинтип жатышты. Камерага тартып, видеону интернетке чыгарып жатышты. Бул кылмышкерлерди табуу кыйынга турбайт, бирок бул иште чекит ошентип коюлган жок. Азырынча эч ким жаза тарта элек. Бул окуя диаспоранын ичинде да талаштар пайда болгонун көрсөтүп турат. Аларды укук бузбай чечүү зарыл.

Экономикалык, юридикалык, укуктук маселелер менен бирге бир топ социалдык көйгөйлөр да чогулуп калды. Ижарага алынган Москванын батирлеринде мигранттар 20-30 адамдан жашашат. Бул массалык психозго окшоп кетет – бүт нерсе жалпыныкы, бир нерсе бирөөнүкү демей жок. «Жеке мейкиндиктин жоктугунан адамдар өзүн жоготуп коюп жатат. Дааратканага кезек менен барышат, эртең менен жумушка кетесиң, сенин төшөгүңө башка бирөө жатып алат. Алмак-салмак жатып укташат», - деп Аида Касымалиева айтып берип жатат. «Жеке мейкиндик жок болгондо адептин нормалары да бузулат», - дейт ал.

 


Баарынан да журналистти эмгек миграциясынын үй-бүлөгө жасаган чабуулу кабатыр кылууда. «Үй-бүлөгө баардык жактан чабуул жасалууда. Башка эркек же аял менен жүрсөң болот, балдарды чоң ата-чоң энелерине калтырып, ымыркайларды чет жакта калтырып койсо болот. Мекенинде бир үй-бүлө менен жашашат, сыртта башка бирөөлөр менен чогуу турат. Бул психиканы бузуп, эч кандай баалуулуктарды калтырбай коюуда», - деп Аида көргөнүн айтып берүүдө.

Көптөгөн москвалыктар үчүн азиялыктар чет планеталыктардай көрүнөт. Бул социалдык мейкиндикте «жергиликтүүлөр» менен «чет планеталыктардын» ортосундагы байланыш бузулган. Бир кезде биз бир цивилизация, бир улуу өлкө болгонубузду эч ким карабайт.

 


Жакында Санкт-Петербургда мигранттар үчүн маалымат китепчесин басып чыгарышты, ал жакта алар шыпыргы, күрөктөрдүн образында көрсөтүлгөн. Тажикистан гана капа болуп чыкты. Бул иш сотко да жетти. Башка борбор азиялык республикалардан нааразычылык айтылган жок. Же ошондой эле да деп кабыл алышты, же көңүл бурушкан да жок. Эми көңүл бурушат, себеби, тажиктер сотко кайрылышып, бул ишти аягына чейин чыгарышмакчы.

Дагы бир өзгөчө тема – мигранттардын балдары. Кичинекей Сезим жөнүндөгү окуя мигранттардын жашоосунун таржымалына түшүп калды. Москвада төрөлгөн ымыркайды Оштон барган бир жаш аял таштап кеткен. Аймагы боюнча салыштырылгыс Орусиянын балдар, төрөт үйлөрүндө калтырылып кеткен балдар канча? Мекени алардын баарын эле үйлөрүнө кайтара бербейт. Орусия аларга өз атуулдугун берсе дагы, алар ал жакта чоочун, себеби, ал жакта адамдарды көздүн кесиги боюнча кабыл алышат. Анан мекенинде да алар чоочун, себеби, үй-бүлөсүнөн тышкары, көбүнесе башка атадан туулган. «Бул кыздар менен балдар чоң шаарлардын бекеттеринде, Москванын метросунда, базарларда селсаяктап жүрүшөт. Жоготулган муун...», - деп кайгырып айтууда Аида.

Кыргызстандын өкмөтүнүн жаңы түзүмүндө миграция министрлигин түзөбүз деп убада берип жатышат. Бул чет жакта иштеп, күн өткөрүп жаткандарга мекенинен колдоо көрсөтүлөт деген үмүт берүүдө.

 

Поделиться новостью: