Өзгөчө кырдаал: Кыргыз журналистикасы чыр-чатактарга сезимтал келеби?

Дата: 11:55, 17-01-2013.


 

Бишкек. 17-январь. КырТАГ – Евгения Лим, Влад Ушаков (фото). Улут аралык тилектештик. Көп өлкөлөрдө бул сөз айкалышы болбой турган нерсе катары эсептелинбейт. Албетте, бир дагы өлкө бул маселени аягына чейин чече элек. Адам жашаган жерде ар дайым арыздашуулар болуп турат.

Идеалдуу учурда урушуп жаткан тараптарды бөлүштүрүү ролу өлкөнүн жетекчилигине таандык болот. Практикада болсо, процесске ар ким киришип кете берет : башка өлкөлөр да, криминалдык абройлуу адамдар да, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) да.

Кыргызстанда улут аралык жаңжалдар болгон учурда мамлекет менен ЖМКлар кандай иштеши керектигинин эрежелери жазылган эмес. Бирок, өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын тартуулап жатып, президент Алмазбек Атамбаев улут аралык мамилелер тармагында иш алып бара турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү зарылчылыгы жөнүндө айта кетти. Бул орган кимдин астында боло тургандыгы азырынча белгисиз. Президенттин астында болгону жакшы болот эле дешет серепчилер. Алар кошумчалагандай, бир мекеме түзүп койбостон, улут аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы керек дешет. Мындай стратегиялык программаны жазуу иштери учурда катуу жүрүп жаткан кез.

«Бизде алгачкы жолу улут аралык гана эмес, өлкөбүздөгү элдерди  саясий жана экономикалык жактан да байланыштырып тура турган системалык документ пайда болот. Мен анын баштапкы вариантын көрдүм, бул так бир документ экен», - деп КырТАГга КР Улуттук илимдер академиясынын илим методологиясы жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев айтып берди.

Улут аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясына улут аралык арыздашууларды чагылдырган ЖМКлардын ишин жөнгө сала турган дагы пункттар кошулушу ыктымал. Бүгүн кайсы окуя болбосун, аны жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырганда гана ал көрүнүктүү болуп калаарын эч ким танбайт.

Туура эмес айтылган сөз үчүн редактордун жоопкерчилиги бар экендиги көп айтылган. Бирок, 2010-жылы Ошто жайында болгон окуяларда прессанын иш алып барганына анализ жүргүзүүдө абал өзгөрбөй жатканы анык болду.  Эксперттер макалаларда ошол кезде өлкөдөгү социалдык-психологиялык абалга терс таасир тийгизе турган билдирүүлөрдү табышкан. ««Чындык эффекти» түзүлгөн, болуп өткөн окуялар боюнча так бир көрүнүш түзүлүп жаткан», - дейт психологиялык илимдердин кандидаты Нина Багдасарова.

Психологдун пикиринде, арыздашуу болгон жердеги адамдар ачууга алдырып, объективдүү көз карашты бере албай тургандыгын журналист түшүнүшү керек.

 

 

«Журналисттер өздөрү эмоцияга алдырып коюп жатышты», - деп «Бешинчи канал» ЖАК башкы редактору Дмитрий Ложников эсептейт, ал 2010-жылы Оштогу окуялардын так өзөгүндө иш алып барып жатты.

«Бир дагы кабарчы маалыматты кайдан алууну, окуянын тамырын кайдан издөөнү, сени өлтүрүп койбошу үчүн кайда барууну билбей жатты. Биздин журналистиканын арыздашуу шарттарында ишти кандай алып баруу боюнча тажрыйбасы такыр жок болуп чыкты. Биз бирдиктүү маалыматтык борборду окуялар болгондон 2 жумадан кийин ачтык, аны заматта кылуу керек болчу. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болдук. Ошондуктан, мен мамлекетке арыздашуулар учурунда ТВ, радио жана гезиттерди гана эмес, форум жана социалдык тармактар аркылуу түшүп жаткан маалыматты дагы жөнгө салып турчу жалпы стратегия керек деп эсептейм», - дейт Д. Ложников.

Интернет бүгүн гезиттерге гана эмес, телеберүүгө да теңелип келе жатат. Колдонуучулар тексти, видеосу жана сүрөттөрү бар жаңы продуктка көнүүдө, журналистиканын таптакыр жаңы форматы видеоблогдор өнүгүп жатат. Форумдар менен социалдык тармактар теледен берилген жаңылыктардай эле маалымат булагы болуп калууда.

«Эгерде республикада 2010-жылдагыдай окуялар кайталана турган болсо, интернеттен маалымат өтө көп түшө турганы анык», - деп белгиледи Дмитрий Ложников.

«Өлкө жетекчилиги бул маселени чечүү боюнча азыртан иш алып баштоосу зарыл. Себеби, ушактар жана жеке пикирлер тарап жаткан майданда мамлекет дагы болушу керек. Профессионалдык журналисттер маалыматты канчалык так берүүгө аракет кылбасын, адамдар интернетке кирип, ушактарды окуп алып, андан ары таратып жүрө берет. Бул процессти эч ким жөнгө салбайт», - деп эскертүүдө журналист.

Бирок, fergana.ru сайтын жаап салуу интернет мейкиндигн көзөмөлдөө кандай болсо да бар экендигин көрсөтүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары «Фергана» түштүктөгү окуяларды бир жактуу чагылдырууда, анын макалалары улут аралык мамилелердин курчушуна өбөлгө болду деп эсептешти. «Фергана» азыркыга чейин Кыргызстанда ачылбайт. Бул чечим акыйкаттуубу же жокпу, мыйзамдуубу же жокпу, аны сот аныктайт. Биз болгону серепчинин бир жеке пикири же маалыматтардагы субъективдүү басым КР аймагындагы эң ири интернет-сайттын жабылышына түрткү болуп калышы мүмкүн деп айта алабыз.

«Күбөлөр берген маалыматты гана текшерүү керек эмес, интервью берип жаткан серепчилер да текшерилиши зарыл», - деген ойдо президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев. «Улуттук темаларды чагылдыра турган баардык редакцияларга профессионалдуу конфликтологдордун тизмеси керек. Учурда өзүн ошондой эсептегендер көп. Эксперт деген наамга татыктуу болуу керек. Абалды ар бир билдирүү өзгөртүп коё ала турган учурларда интервьюну тажрыйбалуу гана адамдар бериши керек», - дейт ал.

 

 

ЖМКлардагы так эмес билдирүүлөргө «Egalitee» келишпестиктерди башкаруу агенттиги мониторинг жүргүзөт. Бул жерде улут аралык мамилелер тармагындагы  абалдын курчтугу 10 балл менен өлчөнөт. Акыркы баяндамаларга ылайык, өлкөдөгү курчтуулук төмөндөдү. Бишкек шаарында ал 4,8 баллга барабар. Бирок, Ош облусунда ал жогору бойдон калууда – 8 балл.

«Сентябрда маалымат жазууга Кыргызстанга Орусиянын президенти сапар жасаганы жана бир топ документтерге кол коюлгандыгы маанилүү себеп болду. ЖМКда кыргыз мигранттарынын Орусиядагы көйгөйлөрү, КРде орус тилин колдоо, маданий жана саясий байланыштар, кылмыштуулук, экстремизм жана терроризм менен бирге күрөшүү, КРде православиени колдоо жана башка суроолор талкууланып жатты. Бул боюнча жаңылыктар жана аналитикалык макалалардын өтө көп болгондугу дагы Чүй облусу менен Бишкекте улут аралык мамилелер тармагына таасир тийгизди», - деп билдирди агенттиктин директору Татьяна Выговская.

Т. Выговскаянын пикиринде, өтүп кеткен жылдын аягында ислам факторунун таасири негизги маалымат болду. Декабрдын акыркы декадасында адам укуктары боюнча кинофестивалдын алкагында «Мен геймин жана мусулманмын» тасмасын көрсөтүү пландаштырылган. Бул голландиялык фильм өзүнө окшош келген америкалык тасманын тагдырын кайталады, ал дагы жайылууга сот тарабынан тыйуу салынды. Egalitee агенттигинин баяндамасына ылайык, бул тасма саясий, серептик, дин таануу жана укук коргоо жааттарында гана кеңири талкууланды. Калың калк арасында ал талкууга көп алынган жок, ал эми бул суроолорду ЖМКларда курчутуу коомду исламдаштыруу канчалык деңгээлде жүрүп жаткандыгына кооптонууга өбөлгө болуп жатты. Мониторингге ылайык, бул тема Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында көп талкууларды жаратты.

«Журналист кандай гана улут аралык маселе жөнүндө жазбасын, ал шашпоосу зарыл», - дейт КР Улуттук илимдер академиясынын илим методологиясы жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев.

«Мен ыкчамдуулук журналисттин жумушунун өзгөчөлүгү экендигин түшүнүп турам, бирок, бир аз шашпай, абалды териштирип көрсө, бир топ тагыраак продукт жаралат», - дейт Н. Өмүралиев.

Журналисттер – коомдун бир бөлүгү, алар айланадагы адамдарга түшүнүктүү тилде жазышат дешет серепчилер. Алар эл арасында жүргөн түшүнүктөрдү пайдаланышат. Журналистти кайра үйрөтүү мүмкүн эмес. «Коом жалпысынан өзгөрөт деп ишенүү керек», - деп эсептейт Н. Багдасарова, бирок мында ал арыздашууларды чагылдыруу боюнча талаптар менен чектөөлөргө байланыштуу журналисттин этикалык кодексине толуктоолорду киргизүүнү сунуштоодо.

Журналист келишпестиктердин катышуучуларын улуту боюнча бөлгөндү токтотмоюнча, «Равшан менен Жамшут» тууралуу тамашалар мазактаган эмес, күлкүлүү болуп эсептелип турганда эч нерсе өзгөрбөйт, редактор ыкчам, бирок текшерилбеген маалыматты берүүгө шаша берет.

Мамлекет башчысынын улуттар аралык мамилелер маселесине көңүл бургандыгы – бул негизги фактор. Этникалык өнүктүрүү боюнча концепцияны жалпы коомдо күтүшүүдө. Өлкө жетекчилиги оң позицияга турганда, эл жетекчиликтин артынан барат.

 

 

Поделиться новостью: