КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:10 | 18 жетинин айы

Өзгөчө кырдаал: туңгуюктагы абал

Дата: 13:49, 17-12-2012.

 

Бишкек. 17-декабрь. КырТАГ – Дарья Сытенкова. Кыргызстандын парламенти кайрадан туңгуюкта турат. «Ар-Намыс» фракциясынын жетекчиси Фелик Кулов борбордук кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгына канааттанбай, «Ынтымак» көпчүлүк коалициясынын лидеринин ыйгарым укуктарын калтырууну чечти. Бул коалициянын, аны менен өкмөттүн таркашына жана экономикалык өсүштүн токтошуна алып келээрин билдирет, анын артынан Жогорку Кеңештин учурдагы чакырымынын да таркашынын ыктымалдуулугу жүз пайызга жакындайт.

Бирок, Ф. Кулов бир аз жеңилдеп, тынчыды көрүнөт. Коалиция бул суроону кароону көпкө чейин кийинкиге калтырып жатты, жыйынтыгында, «Ынтымактын» тагдыры жүнөндөгү суроону күн тартибинен биротоло алып коюшту.

Кризис, ошентип, өтүп кеткендей көрүндү. Бирок,  туруктуулук көпкө созулабы? «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев коалиция эртели-кечтир таркайт деп эсептейт. «Коалициянын таркашы министрлер кабинетинин таркашына да алып келет. Биз буга келебиз деп ойлойм. 2013-жылды биз жаңы өкмөт жана жаңы түзүм менен башташыбыз керек. Бизде саясий борборлоштуруу болбошу зарыл. Бир катар министрликтер менен мекемелерди кыскартуу керек», - деп эсептейт депутат.

Саясат таануучу Акылбек Апаитов парламентти таркатуу механизми ишке киргизилди деп эсептейт. «Азимбек Бекназаров депутаттардын бир тобу менен иш алып барууда. Акыры ага Жогорку Кеңеште же башка бир мекемеде орун сунушталат. Анын үстүнө, азыр  жалпыга маалымдоо каражаттарында парламентти дискредитациялаган маалыматтар чыгып баштайт. Көбүнесе, айтылчу сын пикирлер негиздүү болот, бийлик абалды пайдаланып, Жогорку Кеңешти таркатып, өз партиясы менен өз адамдарын алып келет», - деп эсептейт А. Апаитов.

Бийликтин партиясы менен көз караштары бирдей болгон партиялар пайда болгондугун жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгы да тастыктап турат. Жергиликтүү «байлыктар» үчүн жүргөн күрөштө партиялар болгон күчүн жумшады. Ошондуктан, борбордо өз шайлоочусу бар болгон «Ар-Намыс» партиясынын лидери шайлоонун жыйынтыгы боюнча ультиматум койду. «Замандаш» партиясы алгачкы жолу жергиликтүү органдарда бир нече орунга ээ болду.

«Учурда КСДПнын жакшы шериги бар – бул «Замандаш» партиясы. Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо «Замандаш» «Ар-Намыстын» электоратын тартып алгандыгын көрсөттү», - дейт серепчи А. Апаитов.

Жергиликтүү кеңештердеги орундар үчүн күрөш катуу жүрдү, себеби, бюджеттик каражатты бөлүштүрүү жергиликтүү кеңештердин тарабына өтүп баштабадыбы. 2013-жылы айыл өкмөттөрүнүн кирешелерин көбөйтүү максатында жеке киреше салыгы менен сатык салыгы 50%га чейин көбөйтүлдү. Аны менен бирге, Жогорку Кеңеште оппозицияга бийликтин партиясын жөнөтүү керектиги жөнүндө акырындан айта башташты. «Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү үчүн КСДПны оппозицияга кетирүү зарыл», - деп билдирүү жасады Равшан Жээнбеков.

Анын айтымында, парламентте түзүлүп калган абалга байланыштуу, жаңы көпчүлүк коалициясын түзүү зарылчылыгы келип чыкты. «Мен 4 фракциядан турган альянс түзүп, КСПДны оппозицияга кетирүү туура болот деп ойлойм. Бул өлкөнүн президентине мөөнөтүнүн аягына чейин тынч иштөөгө мүмкүндүк берет. Болбосо, республикада жаңы революциялык кыймыл түзүлүп калат. Эгерде биз өлкөбүздө парламентаризмдин өнүгүшүн кааласак, биз мындай кадамга барышыбыз керек», - деп эсептейт Р. Жээнбеков.

Бирок, серепчилер мындай билдирүүлөрдү негиздүү көрүшкөн жок. «КСДП оппозицияга тактикалык кадам катары гана кетирилиши мүмкүн. Эгерде экономикадагы абал мурункудан начарыраак болуп кетсе, өз күнөөлөрүн башкага жүктөп коюу үчүн мындай кадам жасалышы ыктымал», - деп эсептейт А. Апаитов.

Саясат таануучу белгилегендей, президентке парламентте өзүнүн жана шериктеш депутаттарынын саны 65тен кем болбошу зарыл. «Мен фракциялардын арасында ЖК жаңы чакырылышына кимдер өтө тургандыгы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп ойлойм.  Учурда президентке Жогорку Кеңешти башкарып туруу зарыл. Парламентти таркатуу – көйгөйдүн дагы бир чечилиши», - дейт А. Апаитов.

Жогорку Кеңешти таркатуу суроосу парламенттин имаратында күн сайын айтылат. Депутаттардын маанайы да ошого тиешелүү. Отурумдарда, өлкө үчүн маанилүү болгон мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканда да, залда 120 депутаттын 20-30у бар болот.

Аны  менен бирге, Көз карандысыз демократиялык институттун (КДИ) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын атуулдары учурда өз үмүтүн, жоопкерчилигин дал эл өкүлдөрүнө жүктөйт. Көбүнесе, бул өлкө башкаруунун парламенттик формасына өткөндүгү менен байланыштуу, эки жылда Жогорку Кеңешке болгон үмүт жүз эселеп өсүп кетти. Ошол эле учурда көрүнүктүү өзгөрүүлөрдүн жоктугунан улам, эл өкүлдөрүнө болгон кастык да бир топ өстү.

КДИ өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, калк депутаттарды жумушсуздукта жана баалардын өсүшүндө күнөөлөйт. Депутаттар өздөрү суроонун мындай коюлушуна макул болбой, жоопкерчиликти өкмөткө жүктөөгө аракеттенүүдө.

Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин тирешүүсү туу чокусуна жетип бара жатат. «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ишенбестик вотумун көрсөтүүгө кол топтоп башташты, алар кадрдык алмаштырууларга нааразы болушууда. Депутаттар алардын талабы боюнча парламентке тигил же бул министр келбесе, маселелерди талкуулоодон биротоло баш тартып алышууда. Бул премьердин кыжырдануусун жаратып жатат. «Бүгүн министрлер ансыз деле чечимдерди кабыл албай калышты, алар Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин чечимдерин гана күтүп жатышат. Дүйшөмбүдөн жумага чейин министрлер комитеттер менен фракцияларды кыдырып жүрүшөт», - деп нааразы болууда өкмөт башчысы.

Өкмөт мүчөлөрү менен парламент депутаттарынын ортосундагы кайым айтышууларды угуп отуруп, министрлерди депутаттар дайындаганына ишенбей да каласың. Же коалиция буларды дайындаган эмес беле? Же дайындалган адамдар эми баш ийүүгө макул болбой жатабы? Же парламенттик республикада бийликтин эки бутагы ким кимге баш ийээрин тактай албай жатышабы?

Укук коргоо бийлигинде дагы абал жеңил эмес. Жаңы ички иштер министрине карата жасалган де марш бийликтин бул бутагында дагы акыркы сөздү ким айтаары боюнча суроо макулдашыла элек экенин көрсөтүп турат.

Ал эми Алмазбек Атамбаев Германияга болгон сапарынын жүрүшүндө Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу керек деп билдирүү жасады. Бирок алар кимдин эсебине кыскартылат?

 

 

Поделиться новостью: