КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:19 | 21 аяк оона

Журналисттер бийликтин тотукушуна айланабы…?

Дата: 11:33, 06-06-2014.

Бишкек. 6-июнь. КирТАГ – Исмат Ибрагимов.Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жалган билдирүү жасаган үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш мыйзамды иштеп чыгып, президенттин кароосуна жибергенде, белгилүү дүйнөлүк уюмдар, алар менен катар кыргыз журналиситтери да, өлкө башчы демократия аралын сактап калат деген үмүттөрү чоң эле.

 Тилекке каршы, убагында Кыргызстандын келечегин эркин басма сөзсүз элестете албаган мурунку оппозиционер, азыркы президентибиз журналисттердин үмүтүн актай алган жок. ММКна укурук салууга багытталган мыйзамды колдоп берди. Мыйзам демилгечилеринин айтымында мыйзам бир гана журналисттерге эмес, жалган маалымат тараткан жарандардын баарын тиешелүү экенин айтып калемгерлерди тынчтандырганга аракет кылып жатат. Анткен менен серепчилер, мыйзамдын толук кандуу, кабыл алган боюнча иштөөсүнө күмөн санайт.

 Cаясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде биринчи кезекте, бул мыйзамдан журналисттер гана жабыркайт.

 «Кыргызстанда элдин таламын талашкан жарандык коом жакшы калыптанган эмес. Сот системасы да калыс иштебейт. Соттор эркин эмес. Учурда бийликте отурган кээ бир саясатчылардын кызыкчылыгына кызмат кылышы мүмкүн. Бийликтин куралы болуп калышы ыктымал. Сотторду объективдүү териштирет деп айтуу кыйын. Экинчи жагынан журналисттер бир нерсени жазгандан коркуп калат. Аларда ички цензура пайда болот. Коом да зыян тартат. Себеби коом ушак болсо да, ачык, эркин ойду угуш керек», - дейт саясий серепчи Марс Сариев.

 Серепчинин пикиринде мыйзам иштей баштаса, журналисттер жемкорлук менен күрөшүүгө, бирөөгө каршы бир сөз айтууга чочулап калат. Жоопкерчиликтен коркуп, кесибин таштап, башка чөйрөдө тиричилик кылууга аргасыз болот.

 «Сын азайат. Себеби жемкорлукту толук 100% факты менен тастыктай тургандай журналисттер сот эмес. Анын үчүн журналист толугу менен ошол иштин артынан түшүп майда-чүйдөсүнө чейин тактап чыгышы керек болот. Мыйзам ушуну талап кылат. Бул мүмкүн эмес да. Муну көрүп, журналисттер кокуй гой бул жумушту таштап эле, башка тириличигими кылып, тынч эле жан багайын деп калат. Же хроникага өтүп, бийлик берген маалыматты гана чагылдырат. Мындайча айтканда бийликтин тотукушуна айланат», - дейт серепчи Марс Сариев.

 «Кабар» маалымат агенттигинин директору, медиа серепчи Кубан Абдымен саясий серепчинин пикирине кошулбайт. Мыйзамдын кабыл алынуусун, бүгүнкү күндүн талабы деп эсептейт. Кыргыз журналистикасы, имиштерге таянып маалымат таратып калгандыктан, ушундай каттуу чарага дуушар болду деген пикирде.

 «Мындайча айтканда кыргыз журналистикасы ушакчылардын деңгээлине түшүп калды. Такталбаган маалыматтардын айынан мамлекеттик кызматкерлер жабырт тартып калып атса керек. Ошон үчүн бул мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзам бир тараптуу иштеп калбайт. Жалган маалымат тараткан чиновниктер да жооп берет», - дейт медиа серепчи Кубан Абдымен.

 Медиа серепчинин пикиринде мындан кыргыз журналистикасы жабыр тартпайт. Тескерисинче калемгерлер такшалат. Журналистиканын демократиялуу прициптери иштей баштайт.

 «Биздин журналистика ушул баскычтан да өтүшү керек болчу. Ага мезгил келип жетти. Каалаган киши коркпой эле өз пикирин билдире алат. Ушул күнгө чейин басмырлоого жол берилген эмес, берилбейт дагы. Мындан кийин да мурунку прициптер иштей берет. Ага эч ким бөгөт койбойт. Журналисттер өзүн өзү басмырлап, цензуралап ачык жазгандан коркуп калат деп айтып жаткан журналисттер, эмнени кандай жазса кандай кесепеттерге алып келээрин да жакшы билишет. Мындан кооптонбосо да болот», - дейт медиа серепчи, Кабар маалымат агенттигинин директору Кубан Абдымен.

 

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров да «Жалган маалымат тараткандарды жоопко тартуу» тууралуу мыйзамды колдогондордун катарын толуктайт. Эл өкүлү, өзүнө карата жазылган, такталбаган, ушак маалыматтардан тажагандыктан мыйзамды колдоп берген.

 «Маселен, мен өзүм боюнча деле ушундай маалыматтар чыккан, мен үч уктасам түшүмө кирбеген маалыматтар жарыя болгон. Ар кандай маалыматтар чыгып, депутаттардын кадр-баркына, аброюуна шек келип атат. Ойлонуп сүйлөшсүн, балким мына мындай коркунуч бар экенин билип туруп, балким сүйлөбөй калабы деген ойдо жазылган болуш керек. Мен жалган маалымат тараткан журналист эмес, ошол маалыматты алып келген жаран жоопко тартылсын деген аргументи эске алып мыйзамды колдоп бергем», - дейт эл өкүлү Улукбек Кочкоров.

 Бирок эл өкүлү өзү колдогон мыйзамга президенттин кол коюуп бергенине таң калып отурат. Өлкө башчыны бул мыйзамды колдойт деп ойлогон эмес. Бийликке келген адам эски чокоюн унутуп калат экен деп өкүнүп алды.

 

«Бийликке келгенден кийин мурда тарткан азаптарыбызды, туура эмес деп айтып жүргөн иштерди да эсибизден чыгарат экенбиз. Бул мыйзам  2010 жылы кабыл алынган конституцияга каршы келет. Мурдагы конституцияда, өзүңөр жакшы билгендей, ачык айтып эчнерседен коркпогон норма бар эле. Тилекке каршы мына төрт жыл өтүп, мурдагы калыбына келип жатабыз. Сары прессаны жок кылуу үчүн башка бир иш чараларды аткарсак да болмок», - деп өз чечимине каршы чыккандай түр калтырды.

 Эл өкүлүнүн өкүнгөнүчө эле бар. Мындан көп эмес төрт жыл мурун бийликтин кысымына кабылып, журналисттердин канаты астына калкалаган мурунку оппозиционер - азыркы чиновниктер эски чокоюн чын эле унутуп калды көрүнөт. Буга далил келтириш үчүн кыйналып качарга жер таппай калганда журналисттердин кемесине түшүп, чөгүп өлсөк да эркин сөз менен чогуу өлөлү деп айткан убадаларын эске салып өтөлү.

 

  Мурунку оппозиционер, учурдагы экономика министри ТЕМИР САРИЕВ (3-сентябрь, 2008-жыл):

 - Бийлик бир катар ЖМКларды жаап жатат. «Де-фактонун» редакторунун жеке өзүнүн өмүрүнө да коркунуч туулууда. Мына, биз эмнеге жетип калдык.

 

  Мурунку оппозиционер, учурда Кыргызстан Республикасынын президенти АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ (28-июнь, 2012-жыл):

 - Кыргызстандын келечегин эркин басма сөз менен гана элестете алам. Буга чейин басма сөздү ооздуктоолорду көрдүк.

 

  Мурунку оппозиционер, учурда «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев (15-ноябрь, 2009-жыл):

 - Кыргызстандагы авторитаризм вирус сыяктуу жаңы ыкмаларды таап, өзүнө ыңгайсыз журналисттерге каттуу басым жасап жатат. Учурда бардык алдыңкы телеканалдар, радио-гезиттер «үй-бүлөнүн» көзөмөлүндө калды.

 

Эшеги ылайдан өттүбү айтоор, убада куру сөз бойдон калып журналисттер өз кемесинде кала берди. Убада бергендер болсо жээкти көздөй баса беришти.

 Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев да маалымат алуудан чектей турган мыйзам долбоору конституциянын негизги жоболоруна каршы келеерин ММКна берген маегинде бир канча жолу айтып чыккан жери бар.

 «Эгер парламент бул мыйзам долбоорун кабыл алса, эркин ЖМКлардын мындан аркы ишине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет», - деген эле акыйкатчы.

 Ал эми журналисттер болсо, аталган мыйзам биздин калемибизди мокотот. Эркин ойлонууну жана жазууну чектеп, ички басым, өзүбүздү басмырлоого аргасыз кылып коет деп алы жеткен жерге арызын жолдоп, даттанып эле келди. Бул жагдай эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн түшүрөт, эркин сөзгө мыйзамдуу укурук салынып жатат деп колу жеткен жерге чуркашты. Арман, муңубуз мыйзам демилгечилерине жетеби деген ойдо ММК аркылуу бир топ эле билдирүү жасады. Социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынды. Тилекке каршы калемгерлердин мындай аракеттеринен майнап чыккан жок. Мыйзам демилгечилери укмаксан болуп эле тим болушту. Болгон иш болуп боегу канып, басма сөз айдыңында эмгектенген калемгерлер айла жоктон калемин мыкчып калаберди.

 

Поделиться новостью: